Кытайдын биринчи учак кемеси көрүүчүлөргө каалгасын ачат
"Лиоанингди" келип көрүүнү каалаган миңдеген гонг - конгдук 2 миң билеттен бирөөсүн алуу үчүн көптөгөн күндөр мурун аскердик порттун кире беришинде лагерь куруп кезекке турду.
Кытайдын учак кемеси "Лиоанинг" Гонг – Конгдун Кытай эгемендигине киришинин 20 жылдык майрамынын негизинде Гонг – Конг портуна барды.
"Лиоанингдин" каалгалары эртең биринчи жолу жарандардын зыяратына ачылат. Биринчи порт зыяратын Гонг – Конгго жасаган учак кемесин «Жинан» жана «Йинчуан» эскадралары, «Йентай» фрегаты, Ж – 15 аскердик учактары менен тик учарлардан турган флот коштоп жатат.
Өлкөнүн чыгышындагы порт шаар Чингдаодон жолго чыккан жана эрте мененки сааттарда Гонг – Конг портуна барган кеме 11 - июлга чейин зыяратка ачык болот.
20 жылдык иш чаралардын негизинде мурун англис колониясы болгон Гонг – Конгго келген "Лиоанингдин" каалгалары жуманын акырында биринчи жолу жарандардын келип көрүшүнө ачылат.
"Лиоанингди" келип көрүүнү каалаган миңдеген гонг - конгдук 2 миң билеттен бирөөсүн алуу үчүн көптөгөн күндөр мурун аскердик порттун кире беришинде лагерь куруп кезекке турду.