Тиллерсон Орусияга чакыруу салды
«Орусия бул аракеттерге колдоо берүүдө өзүнчө жоопкерчиликке ээ»
АКШнын мамлекетиик катчысы Рекс Тиллерсон жазуу түрүндөгү маалыматында Сириядагы акыркы абалдар тууралуу баа берди.
Рекс Тиллерсон Сирия маселесинин Германиянын Гамбург шаарында өтө турган чоң жыйырмалар саммитинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти В. Путиндин ортосундагы негизги маселелердин бири болорун баса белгиледи.
ДЕАШ менен күрөшүүдө Сириядагы процесстин абдан маанилүү экендигин белгилеген Тиллерсон : «Сириядагы тараптар аянтта ырааттуулукту түзүшү керек. Эгерде Сирияда ырааттуулук түзүлө албаса ДЕАШты жеңүү процессибиз аягына чыкпай калышы мүмкүн. Тараптар Сирия калкына жол сунуштаган, саясий бир процесс жолу менен иштеши керек»,- деди.
Башар Асад режимине колдоо көрсөткөн Орусиянын бул өлкөдөгү абалдарда ролунун бар экендигин жактаган Тиллерсон : «Орусия бул аракеттерге колдоо берүүдө өзүнчө жоопкерчиликке ээ»,- деди.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.