Астана сүйлөшүүлөрү

Орус жана ирандык делегациялар Асад режиминин делегациясы менен жолугушту.

765132
Астана сүйлөшүүлөрү

Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн Сирия маселесинин бешинчи айлампасында  Түркия, Орусия жана Иран делегацияларынын эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Орусиянын президенти В. Путиндин Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев сүйлөшүүлөрдө Хомстун белгилүү аймактары жана Чыгыш Гутадагы коопсуз аймактардын чегинин белгиленгендигин айтты.

Кечээ эрте менен башталган техникалык сүйлөшүүлөрдөн кийин тышкы иштер министрлигинин орун басары Седат Өналдын жетекчилигиндеги түрк делегациясы аскердик оппозиция жана БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура менен жолугушту.

Ошол эле учурда орус жана ирандык делегациялар Асад режиминин делегациясы менен жолугушту.

Иордания жана АКШдан дипломаттар да катышкан жыйындарда оппозиция делегациясы  кээ бир Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен кеңешүү жыйынында жолугушту.

Бардык тараптар жолугуша турган негизги жыйындын бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абрахмановдун жетекчилигинде өткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар