Кытайдагы селде 56 киши каза тапты
Кытайдын түндүгүндө катуу жамгыр жаашы жол ачкан селдерде эң аз 56 киши каза болуп, 22 киши жараланды.
764317
![Кытайдагы селде 56 киши каза тапты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b499/6010/415e/595b631cb3f99.jpg?time=1718828534)
Кытайдын түндүгүндө катуу жамгыр жаашы жол ачкан селдерде эң аз 56 киши каза болуп, 22 киши жараланды. Кытай жарандык иштер боюнча министрлигинен берилген маалыматта түштүктөгү 11 шаарда 1 миллиондон ашуун кишинин селден таасирленгендигин жарыялады.
Катуу жамгыр жаашынан улам бир топ шаар суу астында калып, электр үзгүлтүгү жана транспортто чоң аксоолор болууда. Чынгду, Гангша, Гуанжоу жана Шынжын шаарларында учак каттамдарынын токтотулгандыгы, көп сандаган жүргүнчүнүн аэропорттордо калгандыгы билдирилди. Метеорология жетекчилери өлкөнүн түштүгүндө жамгыр жаашынын даги бир жумага созуларын айтышты.