Орусия менен Кытай карым - катнаштарынын мыкты мезгилинен өтүп жатат

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кытай менен Орусиянын ортосундагы карым – катнаштардын  тарыхындагы эң мыкты мезгилин жашап жаткандыгын айтты.

763300
Орусия менен Кытай карым - катнаштарынын мыкты мезгилинен өтүп жатат

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кытай менен Орусиянын ортосундагы карым – катнаштардын  тарыхындагы эң мыкты мезгилин жашап жаткандыгын айтты. Си Цзиньпин Москва сапарынан мурда Пекинде берген маалыматында эки өлкөнүн бири бирине карата жогорку деңгээлдеги саясий жана стратегиялык ишенимди  түзгөндүгүн билдирди.

Цзиньпин : «Орусиянын президенти В. Путин менен мыкты мамиле жана достук карым – катнаш ичиндебиз»,- деп тарыхый Жибек Жолунун кайрадан жандандырылышын максат кылган Муун жана жол инциативинин негизинде энергетика, соода, жогорку технология жана финансы сыяктуу бир топ тармакта Орусия менен кызматташтыкты өстүрүүнү каалашкандарын баса белгиледи.

Эки өлкөнүн бири биринин мыкты стратегиялык өнөктөшү болушкандыгын белгилеген Цзиньпин : «Кытай менен Орусиянын карым – катнаштары тарыхынын мыкты мезгиилин жашап жатат»,- деди. Цзиньпин эки өлкөнүн карым – катнашарынын келечегине болгон ишеничин билдирип Орусия менен карым – катнаштардын бекем жолдо өнүгүшү үчүн Путин менен иштөөгө даяр экендерин сөздөрүнө кошту. Си Цзиньпин Москвадагы жолугушууларын аяктагандан кийин Гамбургдагы чоң жыйырмалар саммити үчүн Германияга барат.



Тектеш кабарлар