Нигерияда жан кечтилик кол салуу болду

Кол салууда тогуз киши каза тапты.

760178
Нигерияда жан кечтилик кол салуу болду

Нигериянын түндүк чыгышындагы Маидугури шаарында бирдей убакта жасалган жети бомбалуу жан кечтилик кол салууда тогуз киши каза болду.  Нигерия полициясынын атынан билдирүү жасаган комиссар Дамиан Чукву кол салууларда эң аз он эки кишинин да жаралангандыгын белгиледи.

Кол салуунун Боко Харам уюму тарабынан жасалгандыгы болжолдолууда. Нигерияда 2000 – жылдардын башында чыга баштаган Боко Харам уюму лидерлери Мухаммед Юсуфтун камоодо каза болушунан кийин 2009 -  жылы массалык күч колдонуу кыймылдарын аткара баштаган. Уюмдун кол салуулар жана кагылышууларынан улам жүз миңдеген киши жерлерин которууга мажбур болууда.



Тектеш кабарлар