Катар кризиси күн тартибиндеги ордун сактоодо

Акыркы болгон кризистин айынан АКШ сенатынан мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонго кат жазылды.

759922
Катар кризиси күн тартибиндеги ордун сактоодо

Катардын кээ бир араб өлкөлөрү менен жашаган кризис күн тартибиндеги ордун сактап жатат. Акыркы болгон кризистин айынан АКШ сенатынан мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонго кат жазылды. Бул катта Катар менен болуп жаткан кризис чечилгенге чейин Перс булуңу кызмтаташтык кеңешине мүчө өлкөлөргө курал сатууга уруксаттын берилбей тургандыгы билдирилди.

АКШ сенатынын тышкы карым – катнаштар комитетинин төрагасы Боб Коркер мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонго жазган катында Перс булуңу Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөргө аскердик куралдарды сатууну бекиткенден мурда азыркы учурдагы кризисти чечүү тууралуу дагы жакшы түшүнүккө ээ болуулары керектигин айтты.

Курал сатууга бөгөт коюлушу АКШнын президенти Дональд Трамптын Сауд Аравия сапарында Рияд башкаруусу менен кол коюлган 110 миллиард долларлык курал сатуу келишимине таасирин тийгизиши мүмкүн.

АКШда курал сатуу коргоо жана тышкы иштер министрликтеринин бекитүүсү менен Конгресске сунушталууда. Алдыңкы иликтөө процессинде Конгресстин өкүлдөр парламенти жана сенаттын тышкы иштер комитеттеринин төрага жана мүчөлөрүнүн нааразычылыктары болбосо бул курал сатуу чечими Конгрессте бекитилген болуп саналат.

 

 



Тектеш кабарлар