Түркия, Орусия жана Иран макулдашышты
Үч кепил өлкө айрым документтерди даярдады
![Түркия, Орусия жана Иран макулдашышты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/adf1/73ce/b970/594c96673bb25.jpeg?time=1718728845)
Сириядагы коопсуз аймактар темасында Түркия, Орусия жана Иран принципте макулдашышты.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаиль Богданов түрк, орус жана ирандык адистердин жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүндө коопсуз аймактын параметрлеринин кеңири каралгандыгын маалымдады.
Богданов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Орусия, Түркия жана Ирандын коопсуз аймактын параметрлерине байланыштуу принципте макулдашкандарын билдирди.
Үч кепил өлкөнүн бекитүүсү менен айрым документтердин даярдалганын белгилеген Богданов, булардын 4-5-июлда Астанада өтө турган Сирия темалуу сүйлөшүүлөрдө кабыл алынаарын ойлогонун айтты.
Богданов сириялык оппозициячылдардын өкүлчүлүктөрүнүн сүйлөшүүлөргө катышаарын үмүт кылганын да кошумчалады.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718728846)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.