UNICEF Ирактагы балдардын чукул жардамга муктаж экендигин билдирди

5 миллиондон ашуун бала чукул жардамга муктаж.

757611
UNICEF Ирактагы балдардын чукул жардамга муктаж экендигин билдирди

 БУУнун UNICEF Иракта 5 миллиондон ашуун баланын чукул гуманитардык жардамга муктаж экендигин билдирди. UNICEFтин билдирген отчетунда Иракта күч колдонуу кайрадан башталган  2014 – жылдан бери балдардын «бүтпөгөн күч колдонуу» жана «күч алган жакырдыктын» ортосунда калгандыгы билдирилди.

Отчетто аймактагы күч колдонуудан улам январь айынан бери 152, акыркы үч жылда болсо 1075 баланын каза болгондугу билдирилди. Жылдын биринчи жарымында 255, акыркы үч жылда да 1130 баланын майып болгондугу же жаралангандыгы белгиленди. «Бара турган бир жер калган жок» деген темада жарыяланган UNICEF отчетунда : «2014 -  жылдан бери Иракта 4650 бала үй – бүлөлөрүнөн айрылып, багар – көрөрү жок калды. 138 мектеп жана 58 оорукана кол салууга учурады. 3 миллиондон ашуун бала  иреттүү түрдө мектепке бара албай жатат. 1, 2 миллион бала да эч мектепке бара албай жатат»,- деген маалымат билдирилди.  

UNICEFтин Ирак өкүлү Питер Хокинс, отчетко байланыштуу  берген маалыматында : «Жалпы Ирактагы балдар коркунучтуу абалга күбөө болууну улантышууда. Алар тарыхтын эң аёсуз согуштардын биринде өлтүрүлдү, жараланды, качырылды жана мажбурлоо менен өлтүрүүгө мажбурланды»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар