АКШ Түндүк Кореяга Кытайдын кысым көрсөтүшүн каалап жатат

АКШнын Мамлекеттик департаментинде Кытай өкүлдүк кылынган «Дипломатия жана коопсуздук диалогу» аттуу жыйналыш өттү.

757727
АКШ Түндүк Кореяга Кытайдын кысым көрсөтүшүн каалап жатат

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, Түндүк Кореянын аймактагы чыңалууну күчөткөнүн жана буга бөгөт болуш үчүн Кытайдын дагы көп жоопкерчилик алышын күткөндөрүн айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинде Рекс Тиллерсон жана АКШнын Коргоо министри Жим Маттис менен Кытай тарапты тышкы иштер министри Ян Жиечи жана башкы штаб төрагасы, геренал Фанг Фенгуи өкүлдүк кылган «Дипломатия жана коопсуздук диалогу» аттуу жыйналыш өткөрүлдү.

Жыйналыштан кийин Маттис менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Тиллерсон, Түндүк Кореянын ядролук ракета программасы менен баллистикалык ракета иш-чараларынын аймактагы чыңалууну күчөткөнүнө көңүл буруп, бул өлкө менен жакын карым-катнаштары болгон Кытайдын дагы көп демилгени көтөрүшүн күткөндөрүн баса белгиледи.

Тиллерсон: «Эгер аймактагы чыңалуунун күчөшүнө бөгөт болгусу келсе Кытайдын Түндүк Корея режимине карай экономикалык жана дипломатиялык жактан дагы көп кысым көрсөтүү жоопкерчилиги болгонун атайын белгилейбиз»,-деди.

 Тийиштүү БУУнун келишимдерине терс түрдө жасалган ракета сыноосунун себебинен Түндүк Кореяны жооптуу көрүүсүн уланта тургандарын баса белгилеген Тиллерсон, бул бузууларды абдан орчундуу деп билгендерин маалымдады.

Бир тараптан Тиллерсон, үстүбүздөгү жылдын акырларына карай АКШнын президенти Дональд Трамптын Кытайга расмий сапар менен барууну пландаганын билдирди.

Сапардын күнү тууралуу так маалымат бербеген Тиллерсон, эки өлкөнүн ортосундагы диалог платформасынын барган сайын күчтөнгөнүн белгилеп кетти.

Коргоо минстри Маттис да Кытай менен аймак өлкөлөрүнүн ортосунда талаштуу тема болгон Түштүк Кытай деңизи тууралуу сереп салып: «АКШ, эл аралык укук уруксат берген бардык жерде учуусун, байкоо салышын жана операция жүргүзүүсүн улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар