АКШ Орусияга карата санкцияларын кеңейтти...

АКШнын казына министрлиги Орусияга карата азыркы учурдагы санкцияларын коргоо максатында 19 киши жана 19 мекемени дагы  санкция тизмесине кошту.

757115
АКШ Орусияга карата санкцияларын кеңейтти...

АКШнын казына министрлиги Орусияга карата азыркы учурдагы санкцияларын коргоо максатында 19 киши жана 19 мекемени дагы  санкция тизмесине кошту.

Санкция тизмесине алынган кишилердин көпчүлүгүн бөлүүчү «Луганск элдик республикасы» менен «Донецк элдик республикасы» жетекчилери түзүп, тизмеде эки орус өкмөт жетекчисинин да орун алгандыгына көңүл бурулду.

Европа Биримдигинин Орусияга карата санкцияларын узарткандыгын жарыялагандан бир күндөн кийин АКШнын казына министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «АКШнын чараларынын эл аралык партенрлору менен бирдей сызыкта болушуна мүмкүнчүлүк бере турган чечим,  азыркы учурдагы санкцияларды бузуу аракеттерине каршы долбоорлонду»,- деген сөздөргө орун берилди.

Маалыматта Вашингтон башкаруусунун Украинанын чыгышындагы окуяларга байланыштуу санкцияларын Орусия, Минск келишиминин эрежелерине толугу менен орундатканга, Крым менен байланыштуу санкцияларын болсо жарым аралдагы мыйзам тышы басып алышын акырына чыгарган чейин улантары баса белгиленди.

Европа Биримдиги кеңешинен мурунку күнү берилген маалыматта Орусиянын Крым жана Севастополду мыйзам тышы аннекциясынан улам салып жаткан санкцияларды 2018 -  жылдын 23 -  февралга чейин узарткандыгы билдирилген.

АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга 2014 -  жылы март айынан бери Украинадагы кол салуу кыймылдарынан улам бир топ экономикалык санкцияларды салууда.



Тектеш кабарлар