Катар тышкы иштер министри диалог сүйлөшүүлөрүн өткөрүшпөй тургандарын билдирди
Аль Жазира өлкөнүн ички маселеси.
Катардын тышкы иштер министри Жасим Ал Сани араб өлкөлөрү эмбарголорду жойбостон диалог сүйлөшүүлөрүн өткөрүшпөй тургандарын айтты.
Ал Сани борбор шаар Дохада басма сөз кызматкерлерине берген маалыматында : «Катар блокада астында турганда эч бир диалог сүйлөшүүсү болбойт. Сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн карым – катнаштарды токтоткон өлкөлөр блокадаларын жоюшу керек»,- деди.
Ушул кезге чейин бул багытта бир кадамдын ташталбагандыгын айткан Ал Сани Аль Жазира каналынын келечеги сыяктуу маселелердин өлкөнүн ички иштери экендигин, мындай маселелердин болсо бир диалог сүйлөшүүсүндө баалашуу темасы болбой тургандыгын айтты.
Ал Сани ыктымалдуу диалог сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу ушул кезге чейин өлкөсүнө бул багытта талаптын келбегендигин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Конгодо сел: 10 адам каза болду
Басанкусу кыштагында 2 күндөн бери катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү.