Орусияда Түркия фестивалы

Москвада Түркия фестивалы башталды

754188
Орусияда Түркия фестивалы

Орусиянын борбор шаары Москвадагы «Красная Пресня» паркында үч күнгө созула турган Түркия фестивалы башталды.

Маданият жана туризм министрлигинин демилгеси менен Түркиянын Орусиядагы элчилиги жана Москва шаар башчылыгынын колдоосунда уюштурулган фестивалда катышуучулар түрк маданияты, тарыхы, тили жана салттары менен таанышышат.

Фестиваль аянтында Топкапы сарайы, Капалы чаршы жана 15-Июль шейиттер көпүрөсүнүн макеттери курулду.

Парктын каалгасынан кирген катышуучулар Топкапы сарайында мезгилдин кийимдерин иликтеп, Капалы чаршы базарында соода кыла алышат.

Москвалыктар 15-Июль шейиттер көпүрөсүнөн өтүп жана негизги сахнада концерттирди көрүп туристтик жерлерди таанытуу стенддерин кыдыра алышат.

Түрк жана орусиялык өнөрпоздор бир сахнаны бөлүшкөн фестивалда, адабий чыгармачылык, мода көргөзмөсү, тамак-аштардын жасалышы, түрк кол өнөрчүлүк көргөзмөсү да орун алат.

Фестивалда Стамбул, Анталья, Мугла, Измир, Айдын, Невшехир, Газиантеп, Адана жана Мерсин сыяктуу шаарлар жана көптөгөн турисстик аймактар өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн таанытышат.

Насреттин Кожо каарманы да орун ала турган фестивалда, Карагөз жана Хажыват көлөкө оюндары көрсөтүлөт.

Келгендер кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүн кыдырып жана ар түрдүү мастердик чеберчиликке катыша алган иш-чарада Кападокиянын баллондору менен учуу, белек сатып алуу, кофе менен төлгө салдыруу сыяктуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштарга салым кошуу жана түрк маданиятынын таанытылышына колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган фестиваль 18-июнь жекшемби күнү аяктайт.



Тектеш кабарлар