Ливия жакындарында миңден ашуун качкын куткарылды...

Италияда качкын балдарына жарандык укугунун берилиши Италия сенатына алып барылды.

754377
Ливия жакындарында миңден ашуун качкын куткарылды...

 

Ливия жээктери бейкуттук жана тынчтык издеген миңдеген качкындын Европага баруу үчүн Жер Ортолук деңизге ачылган порту болду. Бирок эптемейкемелер менен башталган бул жүргүнчүлүктөрдүн акыры көпчүлүк учурда кайгылуу бүтүүдө.

Качкындардын Европага кирүүчү каалгалардын бирөөсү болгон Италияда болсо качкын балдарына жарандык укугунун берилиши Италия сенатына алып барылды.

Ашыкча оңчул саясатчылар качкындардын балдарына жарандык укугунун берилишине катуу каршы чыкты. Сүйлөшүүлөр ашыкча оңчул Түндүк Биримдик партиясынын сенаторлорунун каршы чыгуусу менен үзгүлтүккө учурады. Сенаторлор «Оболу италияндар» жана «Басып алууну токтот» сыяктуу плакаттарды ачууну каалашты. Парламент кызматкерлери митингге уруксат бербегендиктен талаш- тартыш чыкты. Сенаттын тышында да митингдер өткөрүлдү. Ашыкча оңчулдар менен полициянын ортосунда талаш – тартыш чыгып, полиция митингчилерге басымдуу суу менен кийлигишти.

 



Тектеш кабарлар