Катардын QP фирмасы менен Royal Dutch Shell фирмасы келишим түздү
Катардын мунай зат фирмасы (QP), европалык энергетика фирмасы Royal Dutch Shell фирмасы келишим түздү.
![Катардын QP фирмасы менен Royal Dutch Shell фирмасы келишим түздү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b6af/e68b/beb6/5940f85e41a74.jpg?time=1718759192)
Катардын мунай зат фирмасы (QP), европалык энергетика фирмасы Royal Dutch Shell менен эл аралык деңиз транспортунда колдонулушу үчүн дүйнө жүзүндө суюлтулган жаратылыш газ (LNG) отунун толтуруучу станцияларды куруу боюнча келишимге кол койду.
Katar Petroleum фирмасынын жазуу түрүндөгү жарыясында, QP аткаруу кеңешинин төрагасы (CEO) Саад Шериде эл-Кааби жана Royal Dutch Shell фирмасынын жогорку рангадагы башкаруучуларынан (CEO) Бен Ван Беерден, Катардын борбор шаары Дохада күйүүчү отун куючу станция куруу келишимине кол койду.
Станциялар үчүн Европа, Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Азиядагы ылайыктуу жерлер тандалат.
Royal Dutch Shell фирмасынын Катардагы мунай зат жана жаратылыш газ тармагында орто эсеп менен 20 миллиард доллардык инвестициясы менен Доханын эң ири энергетика инвесторлорунун арасында орун алганы айтылууда.
Катар, Бириккен Араб Эмирликтеринен баштап 27 өлкөгө жаратылыш газ экспорттойт.
Катар, дүйнөдөгү жаратылыш газ талаптоонун 30 пайызын камсыздайт.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718759193)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.