17 миллиондон ашуун киши ачарчылык менен бетме - бет

Дүйнөдөгү эң жаман ачарчылык кризиси Йеменде.

753109
17 миллиондон ашуун киши ачарчылык менен бетме  - бет

БУУ Йемендин ачарчылыктын босогосунда экендиги боюнча эскертип, 17 миллиондон ашуун кишинин кийинки тамактын кайдан келерин билбегендигин билдирди.

БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дуяррик күнүмдүк басма сөз брифингинде Йемендеги адамзаттык абалды белгилеп, дүйнөдөгү эң жаман ачарчылык кризисинин бул өлкөдө болгондугун айтты.

Йемендин  ачарчылыктын босогосуна келгендигин эскерткен Дуяррик : «17  миллиондон ашуун киши кийинки тамактын кайдан келерин билбейт»,- деди.

Өлкө калкынын үчтөн эки бөлүгүнүн чукул түрдө гуманитардык жардамга муктаж экендигин белгилеген Дуяррик Йемендеги холера эпидемиясына да көңүлдөрдү бурду.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму да Йемендеги холера эпидемиясынан 942 кишинин каза болгондугун жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар