Англия жана Франция терроризм менен күрөшүү үчүн өнөктөштүктөрүн күчтөндүрүүдө...

Франциянын  президенти Эммануэль Макрон менен Англиянын премьер – министри Тереза Мэй жолугушту.

752638
Англия жана Франция терроризм менен күрөшүү үчүн өнөктөштүктөрүн күчтөндүрүүдө...

 

Франциянын  президенти Эммануэль Макрон Франциянын борбор шаары Париждеги Елисей сарайында Англиянын премьер – министри Тереза Мэй менен жолугушту. Жолугушууда өзгөчө террор тууралуу орток максаттар белгиленди.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс – жыйынында эки лидер Франция менен Англиянын орток максаттарын билдирди. Террор маселесине басым жасаган Франциянын президенти Макрон эки өлкөнүн чалгындоо сервисинин орток эмгектерди аткаргандыгын белгиледи. Макрон социалдык медианы пропаганда каражаты катары колдонгон террористтерге каршы бирдикте чара көрүшөрүн айтты.

Франциянын президенти керек болгондо интернет аркылуу террордук байланыштарынын болушу жана аныктоо үчүн Вашингтондун да колдоосун алышарын белгиледи.

Англиянын премьер – министри Мэй болсо интернетти террористтер ээн эркин колдоно ала турган бир аянт болуудан чыгарууда чечкиндүү экендерин баса белгиледи. Жолугушууда Brexitтен кийинки карым – катнаштар, экономикалык абалдар, качкындар маселеси жана коргонуу темалары да каралды. Brexitтин азыр да талкууланып жаткандыгын белгилеген Макрон Европанын каалгаларынын Англияга ачык экендигин баса белгиледи.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар