Трампка дагы бир доо коюлду

Дональд Трампка Конгресстин бекитүүсү болбостон «чет элдик элементтерден киреше тапканы» айтымдары менен Мэриленд штаты менен Вашингтон Д.С. башкаруусу тарабынан доо коюлду.

751900
Трампка дагы бир доо коюлду

АКШнын президенти Дональд Трампка Конгресстин бекитүүсү болбостон «чет элдик элементтерден киреше тапканы» айтымдары менен Мэриленд штаты менен Вашингтон Д.С. башкаруусу тарабынан доо коюлду.

Д.С. башкаруусунун башкы прокуору, демократ Карл А.Расин менен Мэриленд штатынын башкы прокуору Демократ Брайан Э.Фрош биргелеше маалымат жыйын өткөрүшүп, Трамптын президент болгондон кийин өзүн соода-сатык иштеринен оолакташтырбаганын жана чет өлкөлүк булактардан киреше табуусун улантканы айтымдары доо койгондорун белгилешти.

Эки башкы прокурор айрыкча Трамптын салык төлөөлөрүн жарыялабоосунун да өзүнчө бир маселе болгонун баса белгилешти.

Анда Расин, Трамптын борбор шаарда ээ болгон Трамп Интернейшнл отелинин себебинен кыйыр түрдө чет элдиктерден киреше тапканын, муну Конгресске билдирбегенин жана ошондуктан тийиштүү мыйзамдарды бузганын айтты.

Мэриленддин башкы прокурору Фрош да Трамп менен байланышы болгон соода-сатык фирмасынын штаттагы башка соода-сатык фирмаларына карата «адилетсиз мүмкүнчүлүккө» ээ болгонун жана буга бөгөт коюлушу керектигине ишенгенин айтты.

Бир тараптан бул тема тууралуу суроолорго жооп берген Ак үйдүн катчысы Шон Спайсер болсо эки башкы прокурордун тең демократ экенин, доонун негизсиз болгонун жана бул тема тууралуу мындан мурда бир канча жолу маалымат берилгенин айтты.

Спайсер: «Бул доону жокко эсе деп эсептеп ишибизди улантабыз»,-деди.

20-январда кызматка келээр алдында Трамп, тийешеси болгон бардык соода-сатык байлыктарын балдары башкара турган фондго өткөрө турганын жарыялаган. Бирок Трамптын бул убадасын орундатпаганы боюнча ушул убакка дейре 3 башка доо коюлган. Алгач ирет мамлекеттик мекемлер тарабынан ушундай доо коюлууда. Федералдык судьянын доонун уланышына уруксат берген учурунда президенттин жеке кишилик салык билдирүүсүнүн көчүрмөсү талап кылынат.



Тектеш кабарлар