Америка армиясынан Сомалиде абадан операция...

АКШ операцияларын улантып жатат

750533
Америка армиясынан Сомалиде абадан операция...

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон), террордук уюм Эш-Шебабга карай абадан операция жүргүзүлгөнүн билдирди.

Пентагондун билдирүүсүндө, операциянын Сомалинин борбор шаары Могадишонун 300 километр түштүк-батышында, түздөн түз Эш-Шебаб жерлери бутага алынып жана сомалилик жергиликтүү элементтер менен координациялуу жүргүзүлгөнү айтылды.

Операциянын АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан Пентагонго 30-мартта берилген уруксаттын алкагында аткарылганы маалымдалган билдирүүдө, АКШнын Эш-Шебаб уюмун жок кылуу жана аймактык ырааттуулукка салым кошуу үчүн операцияларын улантып жатканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар