Коалициялык учактар үчүнчү ирет атты

Коалициялык учактар, Ракканын борборунун батышындагы Мешлеб мааласына абадан 20 жолу ак фосфор камтыган бомба таштады.

749756
Коалициялык учактар үчүнчү ирет атты

АКШ жетектеген Эл аралык коалициялык күчтүн Сирияда кечээки үчүнчү абадан чабуулунда 14 киши каза тапты.

Раккадагы жергиликтүү булактардан алынган маалыматка ылайык коалициялык учактар, Ракканын борборунун батышындагы Мешлеб мааласына абадан 20 жолу ак фосфор камтыган бомба таштады.

Коалициянын абадан коштоосу астында «Сирия демократиялык күчтөрү SDG» деген аттын астында кургактыктан кол салган жикчил террор уюму ПККнын аймактагы уландысы ПЙД да акыркы эки күндөн бери борборго замбиректин огун жаадырууда.

Шаардын түндүгүндөгү 17-Бөлүк аймагынын чоң жерин көзөмөлгө алган террор уюму ПЙД, Ракканы түндүк, түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш тараптан курчады.

1980-жылкы Конвенционалдык куралдар келишими, коалиция колдонгон ак фосфор бомбасынын жарандарга багытталышын, кыйратуучу күчү абдан жогору болушунун себебинен тыюу салган.

Абадан жана кургактыктан чабуулдун астында калган Раккада жарандар, шаардын түндүгүндөгү элет жерге баш калкалап жатышат.

Бирок уюм, шаар борборуна кирүүлөрү террористтер тарабынан бөгөт коюлган жарандар, элет жерлердеги жасалма лагерлерде күтттүрүлүүдө.

Жарандар, азыктануу мүмкүнчүлүгү камсыздалбаган таштуу аянтта кармалып турса, жасалма лагерлерден чыккысы келген жарандар пара берүүгө мажбурланып жатышат.

Хасекенин түштүк жагындагы Ражим Силиби лагеринен ким экенин жарыялагысы келбеген бир жаран, «Террор уюму ПЙД, лагерден чыгуу уруксаты үчүн киши башына 200 миң Сирия лирасын (100 Америка доллары) алууда»,-деди.

«Нан табыш үчүн дагы чыгарбай жатышат»,деген жаран, лагерлерде кармалгандардын көпчүлүгүнүн аял жана балдар экенин баса белгиледи.

Хасекеде, област борборуна жана Камышлы районунан кире алган ондогон үй-бүлө, акыркы 3 аптада Ражим Силиби лагерине кайра кайтарылды.



Тектеш кабарлар