Катар эмири Дональд Трамптын сунушун четке какты

Катар эмири Тамим бин Хамид Ел Сани АКШнын президенти Дональд Трамптын булуңдагы кризистин чечилиши үчүн Ак үйгө чакыруусун четке какты.

749600
Катар эмири Дональд Трамптын сунушун четке какты

 Катар эмири Тамим бин Хамид Ел Сани АКШнын президенти Дональд Трамптын булуңдагы кризистин чечилиши үчүн Ак үйгө чакыруусун четке какты.

Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани Associated Press маалымат агенттигине берген маалыматында Ел Санинин санкциялар улантылып жатканда өлкөдөн чыкпай тургандыгын, ушул себептен Ак үйгө барбай тургандыгын айтты. Ел Сани Катар Эмири үчүн : «Өлкөсү блокада астында турганда өлкөдөн чыга албайт»,- деди.

Шаршемби күнү Катар Эмири Ел Сани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн Дональд Трамп Эмирди  Ак үйгө чакырып, Катар кризисинде арачылык кылууну сунуш кылган болчу. Катардын тышкы иштер министри Associated Pressке берген маалыматында араб өлкөлөрүнүн Катарга «блокада» кылуу укугунун жок экендигине да көңүлдөрдү буруп, Сауд Арабстан жана кээ бир араб өлкөлөрүнүн Катарды «жаңылыш кабарларга» таянуу менен изоляциялоого аракет кылгандыгын айтты.

Катардын тышкы иштер министри өлкөсүнүн ашыкча жана террордук уюмдарга жардам бербегендигин баса белгиледи. Катар менен дипломатиялык карым – катнаштарын токтоткон мамлекеттерден эч кандай талап тизмесин алышпагандарын белгилеген Ал Сани : «Эгерде ортодо акылга сыярлык күнөлөө бар болсо жооп берүүгө даярбыз. Бирок так бир далили болбогон бардык шектүү күнөлөөлөргө жооп берүүгө толугу менен даяр эмеспиз»,- деди.

Сауд Арабстан, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Египет жана Йемен дүйшөмбү күнү Катар менен бардык дипломатиялык карым – катнаштарын токтотушкандарын билдирген. Сауд Арабстан, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейн өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин Катарга жаап, катарлык дипломаттардын 48 сааттын ичинде өлкөлөрүнөн чыгып кетүүлөрүн каалашкан.

Катарга каршы дипломатиялык блокадага андан кийин Мальдивлер, эл аралык коом тарабынан мыйзамдуулугу болбогон козголоңчу генерал Халифе Хафтердин колдоочусу Ливиядагы Тобрук өкмөтү, Мавритания жана Комор аралдары да кошулган.

Иордания болсо шейшемби күнү кечинде Катар менен дипломатиялык карым – катнаштарынын деңгээлин төмөндөткөндүгүн жана борбору Катарда болгон Аль Жазира телекөрсөтүүсүнүн жергиликтүү офисин жапкандыгын жарыялаган. Сенегал менен Чад да Катардагы элчисин чакырган болчу.



Тектеш кабарлар