Император тактысын тирүү кезинде өткөрүп берүүдө

Японияда эки жүз жылдан бери бир дагы император тирүү кезинде тактысын мураскоруна өткөрүп берген эмес

749198
Император тактысын тирүү кезинде өткөрүп берүүдө

Парламент бир жолкуга императору тирүү кезинде тактысын мураскоруна өткөрүп беришине уруксат берди.

83 жаштагы император Акихито өткөн жылы ден-соолугунун начарлашын себеп көрсөтүп кызматын өткөрүп берээрин айткан эле.

Бирок Япония мыйзамдарына караганда такты алмаштыруу император көз жумгандан кийин гана ишке ашырылат.

Парламент бир жолку үчүн Акихитонун тактысын бошотушуна уруксат берген мыйзактык түзөтүүнү бекитти.

Акихито тактан кеткенден кийин ордуна 57 жаштагы мураскору Нарухито өтөт.

Японияда буга чейин да 1817-жылы император Кокако тирүү кезинде уулу Нинкого өткөрүп берген болчу.



Тектеш кабарлар