Дональд Трамп Корней үчүн териштирүү талап кылды

АКШнын президенти Дональд Трамп FBIдын мурунку төрагасы Комей үчүн териштирүү талап кылды.

749212
Дональд Трамп Корней үчүн териштирүү талап кылды

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстеги билдирүүсүндө өзү тууралуу оор сөздөрдү айткан федералдык териштирүү бюросу FBIдын мурунку төрагасы Комей үчүн териштирүү талап кылды.

Трамптын адвокаты Марк Каскауиц 10 -  майда кызматынан алынган Комейге сүйлөшүүлөрдү сыртка чыгаруу шектенүүсү менен териштирүү ачууга чакырды. Чакыруу Комейдин сенаттын чалгындоо комитетиндеги кызматынан алынышына байланыштуу маалымат беришинен кийин жасалды. Комей эки жарым саатка созулган билдирүүсүндө январь айынан бери Трамп менен өткөргөн жекеме – жеке сүйлөшүүлөрдүн баарын сактап калгандыгын айткан.

Кызматынан алынгандан кийин Комей Колумбия университетинде иштеген жакын жолдошуна сүйлөшүүлөрдү сыртка чыгаруусун айткан.

Каскауиц жарыялаган маалыматта Комейдин бул моюнга алуусунун  FBIдын мурунку директорунун  Трамп тууралуу маалыматтарды сыртка чыгарган ысымдардын бирөөсү экендигин ортого салгандыгын айтты жана : «Бул маалыматтардын башка маалыматтар менен бирге тергөөгө алынып же алынбашынын аныкталышын  жетекчилерге калтырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар