Афганстандын мамлекет башчысы Талибанга чакыруу салды

Афганстандын борбор шаары Кабулда 23 өлкөнүн катышуусу менен Эл аралык «Кабул процесси» конференциясы өткөрүлдү.

749688
Афганстандын мамлекет башчысы Талибанга чакыруу салды

Афганстандын борбор шаары Кабулда 23 өлкөнүн катышуусу менен Эл аралык «Кабул процесси» конференциясы өткөрүлдү.  

Башта АКШ, Түркия, Иран жана Пакистан болуу менен 23 өлкөдөн өкүлдөр катышкан конференция Кабулдагы 31 -  май жана 3 -  июндагы кол салууларда каза болгондорду эскерүү менен башталды. Конференциянын ачылуу сөзүндө мамлекет башчысы Эшреф Гани афган өкмөтүнүн террор менен күрөшүү тууралуу чечкиндүү экендигин айтты.

Дүйнөдө террордук кыймылдар күч алгандыгын эске салган Гани бул тууралуу террорго каршы глобалдык күрөштүн жетерсиз экендигин белгиледи. Талибанга да  кайрылган Гани : «Талибан өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү кааласа алардын офис ачуусуна уруксат беребиз. Бул да Талибандын акыркы мүмкүнчүлүгү болот»,- деди.



Тектеш кабарлар