Түрк жарандары Орусияга электрондук виза менен кире алышат

18 өлкөнүн жарандарына электрондук виза берилет

748558
Түрк жарандары Орусияга электрондук виза менен кире алышат

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Түркия да арасында болгон 18 өлкөнүн жарандарына Владивосток портунан электрондук виза менен Орусияга кирүү режиминин 1-августта баштала турганын билдирди.

Жумалык маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Захарова: «18 өлкөнүн жарандарына Владивосток портундагы көзөмөл бекеттеринен электрондук виза берүү системасына өтүүнүн 1-августта башталышы пландалууда»,-деп айтты.

Бул системанын алкагында Түркия, Алжир, Бахрейн, Бруней, Индия, Иран, Катар, Кытай, Түндүк Корея, Кувейт, Марокко, Мексика, Бириккен Араб Эмирликтери, Оман, Сауд Арабия, Сингапур, Тунис жана Япония жарандарына электрондук виза бериле турганын сөз кылган Захарова, өлкөгө кирүүдөн 4 күн мурда Тышкы иштер министрлигинин сайтынан фотосүрөт менен кайрылып уруксат алынган учурда бул визанын 30 күн жарактуу болоорун жана Орусиянын жерлеринде 8 күн калуу мүмкүнчүлүгүн түзгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар