Мьянмада жоголгон учак

Жоголгон аскердик жүк ташуучу учактын кыйрандысы менен жүргүнүчлөрдүн кээ бирлеринин сөөктөрү табылды.

748714
Мьянмада жоголгон учак

Мьянмада кечээ 120 киши менен Маек шаарынан Янгонго бара жатып жок болгон аскердик жүк ташуучу учактын кыйрандысы менен жүргүнүчлөрдүн кээ бирлеринин сөөктөрү табылды.

Армиянын катчысы генерал Мин Оо Андаман деңизиндеги изилдөө – куткаруу иштерине катышкан деңиз флоту күчтөрүнүн үч кишинин сөөгүн, учактын дөңгөлөктөрүнүн бирөөсү менен кээ бир бөлүкчөлөрүн тапкандыгын билдирди. Катчы Лаунг Лоне шаарына жакын деңизде табылган сөөктөрдүн бир аял менен бир бала жана бир эркекке таандык экендигин белгиледи.

Кытайда жасалган Y-8 моделиндеги учак кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү Маек шаарынан учкандан жарым сааттан кийин жоголгон.

Учакта көпчүлүгү армия кызматкерлери болуу менен 106 жүргүнчү жана 14 экипаж болгон. Учак кырсыкка учураган аймактагы изилдөө – куткаруу иштерине 9 аскердик кеме, 5 аскердик учак жана 3 тик учар жардам берүүдө.

Учак кырсыкка учураган аймак 2014 -  жылы 8 -  мартта Малайзиядан Пекинге учкан Малайзия аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы акыркы көрүнгөн жерден 700 километр  түндүгүндө. Урандысы табыла албаган Малайзия учагынын Инд океанынын түштүгүндө кырсыкка учурап түшкөндүгү болжолдолууда.



Тектеш кабарлар