Катар менен дипломатиялык карым-катнашын токтоткон өлкөлөр

Комор аралдары Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарын токтоткон тогузунчу өлкө болду.

748444
Катар менен дипломатиялык карым-катнашын токтоткон өлкөлөр

Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзгөн өлкөлөрдүн арасына Комор аралдары да кошулду.

Африка материгине караштуу арал өлкө болгон Комор аралдары, Сауд Арабия жана Бахрейн тарабынан террорду финансылоо менен күнөөлөнгөн Катар менен дипломатиялык алакаларын токтотту.

Бул маалыматты бөлүшкөн Сауд Арабиянын маалымат агенттиги, Комор аралдарынын борбор шаары Моронидеги Катардын элчилигине дипломатиялык карым-катнаштардын токтогону жөнүндө маалымат жиберилгенин жарыялады.

Ушуну менен Комор аралдары Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарын токтоткон тогузунчу өлкө болду.

Сенегал дагы Катардагы элчисин чакыртып алуу чечимин чыгарды. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Сенегалдын Дохадагы элчисинин өлкөсүнө чакыртылганы белгиленди.

Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарын токтоткон өлкөлөргө Мавритания дагы кошулган. Тышкы иштер министрлигинин жарыясында Мавритания Ислам Республикасы ар дайым араб кызыкчылыгын жактоо темасында күчтүү турушун көрсөткөнү белгиленди.

Сауд Арабия, Египет, Бахрейн, Бирккен Араб Эмирликтери, Йемен, Ливия жана Мальдив аралдары дүйшөмбү күнү Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарын токтотуп, бул өлкө менен деңиз жана аба чек араларын жапкан.

Катардык дипломаттарга өлкөсүн таштап кетиши үчүн 48 саат, Катар жарандарына 14 күндүк мөөнөт берилди. Катардын Сауд Арабиянын жол башчылыгында Йеменде хулусилерге каршы түзүлгөн Эл аралык коалициядагы ролу соңуна чыгарылганы жарыяланган.

Буга кошумча Иордания, Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин төмөндөтүү жана «Ал Жазира» телеканылынын жергиликтүү кеңсесин жабуу чечимин чыгарды.

Марокконун Королдук аэропорту да Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарын токтоткон өлкөлөргө Дохадан транзит каттамдарын жойгон.



Тектеш кабарлар