Англия эрте жалпы шайлоо үчүн бүгүн добуш берүүдө

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө башталган добуш берүү 22:00да аяктайт.

748495
Англия эрте жалпы шайлоо үчүн бүгүн добуш берүүдө

46.9 миллион шайлоочу 650 депутаттын шайланышы үчүн 40 миң шайлоо округунда  добуш берет.

Шайлоочулардын 16,4 пайызы добуштарын мындан мурда почто жолу аркылуу берди. Парламентардык монархия менен башткарылган өлкөдө эки палата бар. Бүгүнкү шайлоочулар менен парламенттин астыңкы палатасы болгон 650 орундуктуу общиналар палатасына кире турган депутаттарды шайлайт.

Общиналар палатасына 326 депутат киргизген партия жалгыз өкмөт куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок Түндүк Ирландиядагы Синн Феин партиясы Лондонго депутат жиберүүнү четке каккандыгы үчүн 323 орундукка жеткен партия өкмөт кура алат.

Өткө жылдагы эрте жалпы шайлоолордо да Консерватор партия парламенттеги 650 орундуктун 331не ээ болгон болсо Жумушчу партиясы 232 орундук менен экинчи болгон.

Ханыша экинчи Елизабет 1952 – жылдан бери бул өлкөнүн  мамлекет башчысы сыпатына ээ. Техникалык жактан премьер – министрди кызматтан алуу же тандаган бир кишини бул кызматка алып келүү жоопкерчилиги болгон корол же ханыша 1834 -  жылдан бери бул жоопкерчиликти колдонгон жок.

Көптөгөн жылдардан бери келе жаткан мамлекеттик маданият жана салт боюнча ханыша партия саясаттарына аралашпайт жана өлкөнү башкара турган өкмөттүн белгиленишин шайлоо жана парламенттеги партияларга калтырууда.



Тектеш кабарлар