АКШнын президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө Зариф каршы чыкты

Иран Америка лидеринин бул билдирүүлөрүн «жииркеничтүү» деп мүнөздөдү.

748483
АКШнын президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө Зариф каршы чыкты

АКШнын президенти Дональ Трамп Иран парламенти менен Хумейни күмбөзүнө жасалган террордук кол салууну айыптап, террорго жардам берген өлкөлөрдүн террор жайган жамандыктын курмандыгы болуу коркунучу астында экендигин баса белгиледи.

Ак үй Трамптын Ирандын борбор шаары Тегерандагы кол салууларды айыптоосу тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады. «Ирандагы террордук кол салуунун курмандыктары жана мындай кыйын учурлардан өткөн Иран калкы үчүн дуа кылып жана санааркап жатабыз. Террорго колдоо берген өлкөлөрдүн террор жайган жамандыктын курмандыгы болуу коркунучу астында экендигин баса белгилейбиз»,- деп айтылды.

Иран парламенти жана төңкөрүштүн лидери Айетуллах Хумейнинин күмбөзүндөгү куралдуу жана бомбалуу кол салууларда 12 киши каза болуп, 43 киши жараланган болчу. Кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алган.

Иран болсо Америка лидеринин бул билдирүүлөрүн «жииркеничтүү» деп мүнөздөдү.

Тышкы иштер министри Жевад Зариф ДЕАШ террордук уюмдун кол салууларынан кийин көңүл айткан бирок билдирүүсүндө : «Терроризмди колдогон өлкөлөрдүн колдоого алган жамандыктын курмандыгы болуу коркунучунда экендигин баса белгилейбиз»,- деген АКШнын президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

Зариф твиттерден берген маалыматында Ак үйдүн билдирүүсүн «жииркеничтүү» деп мүнөздөдү. Зариф : «Ирандыктар АКШ колдогон кардарлардын терроруна каршы чыгып жатканда жииркеничтүү Ак үй билдирүүсү жана сенат санкциялары... Ирандыктар АКШнын бул достук ойлорун четке кагууда»,- деди.



Тектеш кабарлар