АКШ менен Орусиянын ортосунда ыктымалдуу согуш чыгып кетсе эч ким тирүү калбайт

Владимир Путин, АКШ менен Орусиянын ортосунда ыктымалдуу согуш чыгып кетсе «эч кимдин тирүү калбай турганын» айтты.

748661
АКШ менен Орусиянын ортосунда ыктымалдуу согуш чыгып кетсе эч ким тирүү калбайт

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, АКШ менен Орусиянын ортосунда ыктымалдуу согуш чыгып кетсе «эч кимдин тирүү калбай турганын» айтты.

Путин, атактуу режиссер Оливер Стоун тарткан 4 бөлүмдүк «The Putin Interviews» аттуу даректүү тасмада АКШ жана НАТО менен карым-катнаштар темасында маанилүү ачыктоолорду жасады.

Санариптик берүү платформасы Showtimeда алдыбыздагы аптада бериле баштай турган даректүү тасмадан айрым фрагменттер таанытуу максаттуу бөлүшүлдү.

Путин, даректүү тасмада Стоундун, «Ыктымалдуу согуш болгон учурунда АКШ үстөмдүгүн көрсөтөбү?» деген суроосуна «Мындай согушта эч кимдин тирүү кала турганын ойлобоймун»,-деп жооп берди.

Даректүү тасмада НАТО тууралуу суроолорго да жооп берген Путин, НАТОнун АКШнын тышкы саясат инструментине айланганын, НАТОдо шериктештер эмес АКШга көз каранды өлкөлөр бар экенин жактады.

Путин: «Бир өлкө НАТОнун мүчөсү болсо АКШнын кысымына туруштук берүүсү татаалдашат. Ушундайча бул өлкөгө капыстан курал системалары жайгаштырыла алат. Анти баллистикалык ракета системалары, аскердик базалар жана муктаждык болгондо жаңы чабуул системалары жайгаштырыла алат»,-деп айтты.

НАТОнун кеңейиши тууралуу кооптонууларын да айткан Путин, Орусия чек араларына барып улам арткан НАТО коркунучун жана аскердик жыйналуунун себебинен Орусиянын каршы чараларды көрүүгө аргасыз болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар