Мьянмада учак дайынсыз жоголду

Учакта 116 киши болгон

747737
Мьянмада учак дайынсыз жоголду

Мьянмада 116 кишини ташыган аскердик учак дайынсыз жоголду.

Мьянманын Штаб башчылыгынын билдирүүсүндө, 116 кишини ташыганы белгиленген аскердик учактын Түркия убактысы боюнча саат 10.05те Муеик менен борбор шаар Янгондун ортосундагы аймакта дайынсыз жоголгону маалымдалды.

Билдирүүдө: «Дувэй кыштагынын 32 километр батышына жеткенде учак менен байланышыбыз үзүлдү»,-деп айтылды.

Штабдын башчылыгы, аймакта издөө-куткаруу иштеринин жүрүп жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар