Дүйнө жүзүнүн айрым өлкөлөрү Катарды эмнеге айыптап жатат?

Катар менен айрым Араб өлкөлөрүнүн арасындагы кризис тууралуу эл аралык коомчулуктан маалыматтар келип жатат.

747605
Дүйнө жүзүнүн айрым өлкөлөрү Катарды эмнеге айыптап жатат?

Катар менен айрым Араб өлкөлөрүнүн арасындагы кризис тууралуу эл аралык коомчулуктан маалыматтар келиши уланууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын королу Салман менен телефондо сүйлөшүү өткөрүп, терроризмдин финансыланышы жана радикалдык идеологияларга каршы Перс булуңу аймагында биримдикке муктаждык болгонун баса белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы да террордун финансыланышына бөгөт коюу боюнча Катардын маанилүү жолду басып өткөнүн бирок жасала турган дагы көп иш бар экенин жарыялады.

Мамлекеттик катчылыктын басма сөз катчысы Хизер Науэрт: «Катар менен күчтүү байланышыбыз бар. Катар жана аймактагы берки өлкөлөр менен бирге террорго каршы кызматташууну улантабыз»,-деп айтты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер да, маселенин тез арада чечилиши жана кызматташтыктын кайрадан курулушу үчүн Америка бийлигинин аймак өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрүн уланта турганын жарыялады.

Спайсер,Трамптын Катарды күнөөлөгөн твиттер бөлүшүүлөрүнүн болсо расмий жарыялоолор категориясында санала ала турганын айтты.

Кувейттин эмири Шейх аль-Сабах аль-Ахмад Жабер ас-Сабах болсо, Сауд Арабияга бир күндүк сапар жасады.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPAнын маалыматына караганда, Сауд Арабиянын королу Салман менен Кувейт эмири Сабахтын жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык темалар каралганы белгиленди. Жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил Бин Ахмед аль-Жубайр, Франциянын борбор калаасы Париждеги маалымдоосунда Катардын саясаттарын өзгөртүшү жана радикалдык топторду колдоосун токтотушу керектигин айтты.

Жубайр, Катардын араб өлкөлөрү менен карым-катнаштарын оңдоосу үчүн палестиналык Хамас жана Египетте Мусулман агайындарды колдоосун соңуна чыгарышы сыяктуу айрым бир катар кадамдарды таштоого муктаждыгы болгонун белгиледи.

Палестинанын Исламий туруштук кыймылы Хамас болсо, Жубайрдын өздөрүнө каршы чагымчыл жарыялоолоруна катуу каршы чыгып, айыптады.

Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Ал Сани болсо, өлкөсүнүн коңшулары менен болгон дипломатиялык кризистин чечилиши үчүн диалогго даяр жана арачылыкка ачык болгонун маалымдады.

Ал Сани, СNNге маек куруп берип: «Диалогго жана олтуруп сүйлөшүүгө даярбыз. Биз бул жерде «супер күч» эмеспиз жана маселелердин кагылышуу жолу менен чечиле турганына ишенбейбиз»,-деди.

Ал Сани, өлкөсүнүн «террорду колдогону» жөнүндөгү күнөөлөөлөрдү төгүнгө чыгарды.

Катарлык министр бул айтымдар тууралуу: «Катар террордун финансыланышы менен күрөшүүдө жана дүйнөнү потенцияалдуу террористтерден коргоого салым кошууда»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар