Бириккен Араб Эмирликтеринде Катарды жактагандарга жаза берилет

Катарга жан тарткандар 15 жылдык абак жазасына тартылат

747318
Бириккен Араб Эмирликтеринде Катарды жактагандарга жаза берилет

Бириккен Араб Эмирликтеринде Катарды жактаган сөздөргө тыюу салынды.

Сауд Арабиянын Дубай шаарынадагы Аль Арабия телеканалынын маалыматына караганда, Бириккен Араб Эмирликтеринде социалдык медиада Катарды жактагандардын 15 жылдык абак жазасына тартыла тургандары билдирилди.

Бириккен Араб Эмирликтеринде башкы прокурор Хамад Сариф Аль-Шемси: «Кааласа социалдык медиа аркылуу, кааласа жазуу түрүндө, кааласа оозеки түрүндө Бириккен Араб Эмирликтерине каршы чыгып Катарга жан тарткандарга каршы так жана чечкиндүү чаралар көрүлөт»,-деди.

Башкы прокурор Катарды жактаган кандайдыр бир адамдын 3 жылдан 15 жылга чейин абак жазасына же кеминде 500.000 драхма (136 миң доллар) акчалай жазага тартыла турганын айтты.



Тектеш кабарлар