Катар макулдашууну каалайт жана Сауд Арабстандын шарттары

Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман ес -  Сани айырмачылыктардын диалог жолу менен чечилиши керектигин айтты.

747034
Катар макулдашууну каалайт жана Сауд Арабстандын шарттары

Египе6 Сауд Арабстан жана Бириккен Араб Эмирликтери да болуу менен  карым – катнаштарын токтоткон өлкөлөргө Катар макулдашуу катын жиберди.

Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман ес -  Сани булуңдагы коңшуларынан өч албай тургандыгын билдирди. Ес – Сани айырмачылыктардын диалог жолу менен чечилиши керектигин айтты.

Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министрлиги Энвер Гаргаш болсо Доха менен диалогду жаңыдан баштоо үчүн «ишеним жана бир жол картасын» талап кылды. Гаргаш эсебинде «аймактын коопсуздук жана ырааттуулугун бекемдөө үчүн бир келечек алкагын түзүүнүн керек экендигин баса белгилеп : «Мурунтадан берилген убадалардын үзгүлтүккө учурашынан кийин ишенимди кайрадан түзүү керек. Ишеним менен бирге бир жол картасы керек»,- деп жазды.

.Бир тараптан Катар менен дипломатиялык карым – катнаштарын токтоткон өлкөлөрдөн Египет бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 07:00 де Катар учактарына аба мейкиндигин «экинчи бир буйрукка чейин» жапты.

Сауд Арабстан жана Бахрейндин да күндүн ичинде аба мейкиндиктерин жабуулары күтүлүүдө.

Булуң кызматташтык кеңешинин мүчөсү Кувейт болсо тараптарды тынчтанууга чакырды. Кувейт эмири Шейх ел Ахмет  ел Сабах кечээ бир сауд өкүлдү кабыл алды жана андан кийин Катар мамлекет башчысы менен телефондо сүйлөштү.



Тектеш кабарлар