Израиль араб өлкөлөрү менен кызматташтык түзүү мүмкүнчүлүгүнүн жаралгандыгын айтты

Сауд Арабстан, Египет, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери, Йемен, Ливия жана Мальдивлер кечээ Катар менен бардык дипломатиялык карым – катнаштарын токтотуп, бул өлкө менен деңиз жана аба мейкиндиги чектерин жапкан.

746650
Израиль араб өлкөлөрү менен кызматташтык түзүү мүмкүнчүлүгүнүн жаралгандыгын айтты

Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман Катар жана кээ бир араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кризистин өздөрүнө араб өлкөлөрү менен террорго каршы кызматташтыкты түзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк сунуштагандыгын айтты.

Либерман : «Террор коркуусу менен Катар менен карым – катнаштарын токтоткон өлкөлөр Израилге, араб өлкөлөрү менен радикал террорго каршы кызматташтык түзүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Араб өлкөлөрү да бул аймактагы коркунучтун Израиль эмес, терроризм экендигин түшүндү. Бул абал кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүк»,- деди.

Израилдин Катар менен карым – катнаштарын токтоткон араб өлкөлөрү менен кызматташтыкка ачык экендигин билдирген Либерман : «Эми топ алардын (Араб өлкөлөрүнүн) аянтында»,- деди.

Сауд Арабстан, Египет, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери, Йемен, Ливия жана Мальдивлер кечээ Катар менен бардык дипломатиялык карым – катнаштарын токтотуп, бул өлкө менен деңиз жана аба мейкиндиги чектерин жапкан.

Катардык дипломаттарга өлкөлөрүнөн чыгып кетүүлөрү үчүн 48 саат, Катар жарандарына 14 күндүк мөөнөт берилип, Катардын Сауд Арабстандын жол башчылыгында Йеменде хусилерге каршы түзүлгөн Эл аралык коалициядагы ролунун акырына келгендиги билдирилген.

 



Тектеш кабарлар