Эч нерсе жасалбаса океандардагы желим таштандылар балыктардан дагы көп болот

«Дүйнөлүк океандар» конференциясы Нью-Йорктогу БУУнун башкы борборунда башталды.

746998
Эч нерсе жасалбаса океандардагы желим таштандылар балыктардан дагы көп болот

БУУнун баш катчысы Антонуо Гутерреш, океандардын мындан мурда эч болуп көрбөгөндөй чоң коркунуч астында болгонун белгилеп, эч нерсе жасалбаса 2050-жылы желим таштандылардын балыктардан дагы көп боло турганы менен эскертти.

2030-жылга карай туруктуу өнүгүү демилгесин колдоо максатында БУУнун баш катчылыгынын эгедерлигинде быйыл алгачкысы уюштурулган «Дүйнөлүк океандар» конференциясы Нью-Йорктогу БУУнун башкы борборунда башталды.

Конференциянын алгачкы күнкү жыйналыштарына БУУнун баш катчысы Антонуо Гутерреш менен катар орто эсеп менен 200 өлкөдөн мамлекет башчылар, министрлер,дипломаттар жана айлана чөйрө активисттери катышты.

БУУнун Башкы ассамблеясындагы жыйналышта сөз сүйлөгөн Гутерреш, булгануу, ченемсиз балык уулоо жана климат өзгөрүүсүнүн таасирлери менен океандардын олуттуу зыян тартканын жана планетанын жашоо булагынын эч болуп көрбөгөндөй коркунуч астында болгонун айтты.

Гутерреш:«Океандарыбызды коргоо жана аларды туруктуу кылуу жашоонун өзүн коргоо болуп саналат»,-деп айтты.

Океандар тууралуу акыркы изилдөөнүн көрсөткүчтөрүнө токтолгон Гутерреш, бул иштин, «океандарды коргош үчүн эч нерсе жасалбаса 2050-жылга келгенде, ташталган желим таштандылардын балыктардан дагы көп боло турганын» ортого салганын кошумчалады.

БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Питер Томсон да океандарды булгоодогу жаңылыш жолду түздөөнүн убагы келгенин түшүндүрдү.

Томсон, «Океандардын үстүнө табиятты абдан трагедиялуу түрдө булгаган желим балээсин эркин койгонбуз»,-деп айтты.

Боливиянын мамлекет башчысы Эво Моралес баштаган жыйналыштагы бир топ сөз сүйлөөчү өткөн аптада АКШнын 2015-жылкы Париж Климат келишиминен баш тарта турганын жарыялаган АКШнын президенти Дональд Трампты бул чечиминин себебинен сынга алды.

Жыйналышка Түркиядан Экология жана шаар пландоо министрлиги менен Транспорт, деңиз иштери жана байланыш министрлигинен жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматкерлер да катышууда.



Тектеш кабарлар