Перс булуңунда чоң кризис...

Перс булуңунун беш өлкөсү Катар менен бардык карым-катнаштарын токтотту. Буга Ливия жана Мальдив Республикасы да кошулду. АКШ, Орусия, Иран эмне дейт?

745801
Перс булуңунда чоң кризис...

Перс булуңундагы кризис жайылып баратат...

Сауд Арабия, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Йемен жана Ливиядан кийин эми Мальдив Респбликасы да, Катар менен болгон бардык дипломатиялык карым-катнаштарын жойду.

Түштүк Азия өлкөсү Мальдив Респбликасынын чечимин борбору Сауд Арабиядагы «Ал Арабия» телеканалы «соңку жаңылык катары жарыялады.

Бул өлкөлөр Катар менен болгон деңиз жана аба чек араларын да жапты.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги, «өлкөнүн улуттук коопсуздугу үчүн» чыгарылган чечимдердин; «Доханын ачык жана жашыруун жүргүзгөн олуттуу бузуулары, террордук уюмдарды баш калкалатып террорго колдоо көрсөтүүсү, басма сөз органдарында террор уюмдарынын пропагандасын кылуусу, Катиф облусундагы Иранга байланыштуу террор кыймылдарын колдоого алышы, радикалдарды баш калкалатышы, Йемендеги Хуси террористтерин колдоого алышынан кийин чыгарылууга аргасыз болгондугу» белгиленди.

Анда Сауд Арабиянын атуулдарынын Катарга саякаты жана ал өлкөдө туруктуу жашоосу менен катардык жарандардын Сауд Арабияга барышы жана транзит аба майдандарын колдонуусуна тыюу салынганы жарыяланды.

Сауд Арабияда орун алган Катар жарандарынын коопсуздук себеби менен 14 күндө өлкөнү таштап чыгышы керектиги баса белгиленген жарыяда, карым-катнаштардын токтотулушу процедурасынан ажылык жана үмреге бара турган катарлыктар таасирленбей турганы белгиленди.

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) расмий маалымат агентииги ENAда жарыяланган Тышкы иштер министрлигинин жарыясында да, Катар менен бардык дипломатиялык карым-катнаштар кесилишкени, өлкөдө орун алган катардык дипломаттардын 48 сааттын ичинде Катардын жарандарынын да 14 күндүн ичинде өлкөнү таштап кетиши керектиги, Бириккен Араб Эмирликтеринин жарандарынын да Катарга саякатына тыюу салынганы билдирилди.

Египеттин тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Катардын «Ал Каида жана ДЕАШ пикирин жайганы, Сина жарым аралындагы террор уюмдарын колдоого алганы, айрыкча Египет жана башка араб өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишкени» орун алды.

Бахрейндин тышкы иштер министрлиги болсо өлкөнүн коопсуздугу үчүн Бахрейндин Катар менен бардык дипломатиялык карым-катнаштарын бузганын жарыялады. Бахрейндин тышкы иштер министрлиги интернет барагында жарыяланган билдирүүдө, Бахрейндин Дохадагы дипломатиялык миссияларын чакыртып алганы жана Катар дипломаттарына да өлкөнү таштап кетүүлөрү үчүн 48 саат мөөнөт берилгени билдирилди.

Буга кошумча Катардын Сауд Арабиянын жетектөөсүндө Йеменде хулусилерге каршы түзүлгөн Эл аралык коалициядагы ролунун соңуна чыгарылганы билдирилди. Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPAда чыккан Коалиция командирлиги жарыясында Эл аралык коалициянын «Йеменде терроризмди күчтөндүрүүсү жана төкөрүшчүл согушкерлер менен байланыштарынын себебинен» Катардын комиссиядан чыгарылышына чечим чыгарылганы белгиленди.

Катардан тема тууралуу жарыясын Тышкы иштер минисри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани жасады.

Ал Сани, «Адилетсиз түрдө чыгарылган бул токтомдун өкүндүрүүчү болгонун жарыялагандарын» белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон болсо тараптарга диалог чакырыгын жасап, «Тараптардын айырмачылыктарын сүйлөшүүсүн колдоого алабыз»,-деди.

Тиллерсон, Перс Булуңу кызматташтык кеңешинин таркабоосу керектигин да белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бул темага байланыштуу сереп салуусу: «Бул алар биле турган иш. Биз өлкөлөрдүн өз ара карым-катнаштарына кийлигишпейбиз»,-деген сөздөр менен айкалышты.

Иран болсо, «Катар менен карым-катнаштардын үзүлүшү Жакынкы Чыгыш үчүн чечүүчү жол болбой турганы» серебин салды.

Катардын расмий маалымат агенттиги 23-майдын түнүндө Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Ал Саниге шилтеме кылынып, «АКШга каршы жана Иранды колдоочу» жарыяларды жасаган. Жарыялар кыска мөөнөттүн ичинде медиада кеңири түрдө орун алган.

Мындан бир канча саат мурда болгон жарыяда Катар өкмөтүнүн Байланыш кеңсесинин директору шейх Сейф бин Ахмед Ал Сани, QNA барагынын кибердик чабуулга дуушар болгонун жарыялаган. Катардын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында QNAдин кибердик чабуулга дуушар болгону жана жарыяланган кабарлардын чындыкты чагылдарбаганы, медиа органдарынан бул жарыяларды эске алуулары талап кылынды.

Катардан келген жарыяларга карабастан БАЭ жана Сауд Арабия басма сөзүндө Ал Саниге шилтеме кылынган жарыялоолор колдонулушу уланды. Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман бин Абдуррахман Ал Сани болсо 25-майда өткөргөн маалымат жыйынында медиа аркылуу өлкөсүн бутага алган акция бар экенин белгилеп: «Бул тема тууралуу териштирүү уланууда, бирок бул жерде Катарды бутага алган акция экендиги ачык көрүнүп турат жана биз да буга каршы чыгабыз»,-деген.

Бахрейн, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтери 2014-жылы да Катарды ички иштерине кийлигишкени менен күнөөлөп дипломатиялык алакаларын токтоткон.



Тектеш кабарлар