Лондондогу кол салууну ДЕАШ моюнга алды

Лондондо 7 киши каза болуп, 48 киши жараланган кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.

745839
Лондондогу кол салууну ДЕАШ моюнга алды

Англиянын борбор шаары Лондондо 7 киши каза болуп, 48 киши жараланган кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.

Радикал уюмдарды иликтеген SITE Inteligenceден берилген маалыматка караганда ДЕАШ ишемби күнү шаардын борборундагы Лондон көпүрөсү менен жакынындагы Барро базарын бутага алган кол салууну моюнга алды. SITEнин билдиргенине караганда ДЕАШ Рамазан айында дагы көп кол салууну ишке ашыруу үчүн «жалгыз карышкыр» деп аталган уюмдун жактоочуларына да чакыруу салды.

Англиянын премьер  - министри Тереза Мэй террордук кол салуудан кийин билдирүү жасап : «Эми жетет! Кээ бир нерселер өзгөрүшү керек! Баары күнүмдүк турмушун ар дайымкыдай улантышы керек, мекемелер функциясын улантышы керек. Ашыкча уюмдар жана террорчулук менен күрөшүүдө өзгөрүү болушу керек»,- деген.

Мэй динди колдонуу менен батыштык демократтардын баалуулуктарына кол салган террористтер менен күрөшүү үчүн элди биримдикке чакырган.

Шайлоо үгүтүн жарымында таштап борбор шаарга кайтып келген премьер – министр Мэй жалпы шайлоо пландалгандай 8 -  июнда өткөрүлөрүн баса белгилеген болчу. Кол салуудан кийин аракетке өткөн англис полициясы Лондондун чыгышындагы бир топ жерде операция жүргүздү.

Кээ бир үйлөрдө иликтөө жүрүзүлуп, араларында аялдар да болгон көп сандаган киши камоого алынды. Ошол эле учурда Англияда эртең шейшемби күнү жалпы өлкөдө эскерүү болот.



Тектеш кабарлар