Түркия жана Евразия карым-катнаштары-21

Франциядагы шайлоо жана Түркия-Франция мамилелери

743144
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-21

Францияда бир канча күн мурда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун экинчи айлампасында Эммануэль Макрон жеңишке жетишти. Биз да бул жумадагы программабызда Франциядагы президенттик шайлоону жана Түркия-Франция алакаларына карата ыктымалдуу чагылууларын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Франциядагы президенттик шайлоону «Алга» партиясынын талапкери Эммануэль Макрон 66,1 пайыздык добуш менен жеңди. Ал эми Ле Пен 33,9 пайыздык добушка ээ болду. Шайлоого катышуу катнашы экинчи айлампада аз болду (74,6 пайыз). Калыс добуштардын саны болсо жогору болду (11,5 пайыз). Макрон бул жыйынтыктарга караганда, шайлоочулардын 43,6 пайыздык добушун гана ала алды. Ошондуктан эки талапкерге тең каршы шайлоого барбагандар жана калыс добушун бергендерден турган үчүнчү чоң блок бар.

Макрон бир жыл мурдагыга чейин белгилүү саясатчы эмес эле. Президент Олланддын кабинетинде экономика министри болду. Социалисттик партиядан чыгып «Алга» партиясын түздү. Кыска мөөнөттүн ичинде Франциянын эң жаш президенти болуп шайланды. Макрондун жеңиши Европада кубанычтуу кабыл алынды. Либералдык жана социал- демократиялык саясатчылар Макронду Европа Биримдигинин куткаруучусу деп ойлоп жатышат. Бул жыйынтык, тышкы саясат жагынан да батышты жеңилдетти. Анткени Макрон эл аралык платформада Европа Биримдигинин кулабай турушуна жана миссиясына чоң маани берүүдө.

Макрон Франция бетме-бет келген экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү темасында жаңы көз караш жана долбоорлорду сунуштады. Ушундан улам да коомчулуктун ар кайсы тилкелеринен колдоо алды. Бирок алдында олуттуу сыноолор бар. Учурдагы экономикалык көйгөйлөр өтө орчундуу абалда. Бул маселелер Францияда 2020-жылга чейин дагы да күчөшү мүмкүн. Франция учурда экономикалык маселелер менен күрөшкөн өлкөгө айланды. Буга олуттуу чаралар көрүлбөсө ырааттуу өлкө болуу өзгөчөлүгүн жоготушу мүмкүн.

Франция президенттик шайлоодон кийин эми көп өтпөй 11-июнда парламенттик шайлоого барат. Биринчи айлампада кеминде 50 пайыздык добуш алган талапкерлер түздөн түз Парламентке шайланат. Кандайдыр бир талапкердин 50 пайызды ашпаган орундуктары үчүн экинчи айлампадагы шайлоолор өткөрүлөт. 18-июндагы экинчи айлампага, биринчи айлампада 12,5 пайыз жана андан көп добуш алган талапкерлер катышат. Экинчи айлампада эң көп добушка ээ болгон талапкер эл өкүлү болуп шайланышат.

Макрондун жеңиши, Францияда чет өлкөлүктөргө каршы душмандыктын, түркофобия жана Исламафобия агымынын артка чегингендигин туюнпайт. Анткени Ле Пендин 33 пайыздык добушка ээ болушу бул агымдын күчтөнгөнүн көрсөтүүдө. Франциядагы шайлоодон кийин Европада эми ашкере оңчулдардын негизги саясий актерго айланганын айта алабыз. Тилекке каршы Европада ашкере оңчулдарга европалык саясатчылар (түркофобия жана Исламафобия саясаттарынын себебинен) өздөрү колдоо көрсөтүштү. Бул маселенин кыска мөөнөттүн ичинде чечилүүсүнүн жалгыз жолу Европа Биримдигине Түркияны да кошуу. Европа материгинин ашкере оңчулдар тарабынан колго алынышына бөгөт коюунун жалгыз жолу ушул.

Макрондун Түркияны жакындан кызыктырган тышкы саясат темаларында кандай саясат жүргүзөөрүн айтуу учурда кыйын. Анткени жаш лидердин саясатынын узак тарыхы жок. Ал түзгөн «Алга» партиясы да жаңы партиялашты. Алгачкы көз карашыбызга караганда Макрон Түркиянын көптөгөн тармакта чогуу иштеше ала турган лидер болушу мүмкүн. Макрондун Олланд мезгилиндеги Түркия менен жакын байланыш куруу саясатын жүргүзөөрүн божомолдоп жатабыз. Негизи Макрон ушул учурга чейин Түркия жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү жөнүндө өтө аз билдирүү айтты. Бирок бир билдирүүсүндө Европа Биримдигинин Түркияга каалгасын жаппашы керектигин баса белгилеген болчу.

Түркия акыркы мезгилде Германия, Нидерландия, Австрия сыяктуу Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн кош стандарттары менен бетме-бет келди жана маселелер жаралды. Франция болсо Түркияга карата дагы түшүнүктүү саясат жүргүздү жана Сирия маселеси сыяктуу ар түрдүү темаларда Түркия менен дээрлик бирдей пикирде болду. Түркия менен Франциянын жакын байланышында, ошондой эле Европа жана Сирия боюнча кызматташтык түзүүсүндө эки өлкө үчүн тең стратегиялык пайдалар бар. Макрондун президенттик кызматы жана НАТОнун саммитиндеги Эрдоган-Макрон жолугушуусу бул үчүн мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 

 



Тектеш кабарлар