"Мора" борошосу
Борошодо жоголгон жүз элүүгө жакын балыкчыдан ушул кезге чейин жыйырмасы табылды.
Бангладеш жана Мьянмарда таасирдүү болгон "Мора" борошосунда каза болгондордун саны жетиге жетти.
Жоголгон жүз элүүгө жакын балыкчыдан болсо ушул кезге чейин жыйырмасы табылды.
ББСинин кабарына караганда 50 миңге жакын үй зыян тарткан борошодон улам 350 миң киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.
Изилдөө куткаруу иштерине Индия деңиз флоту да колдоо берүүдө. Мьянмарды да таасири астына алган "Мора" борошосунда жүз миңдеген аракандык мусулман баш калкалаган качкындар лагери оор зыян тартты.
"Myanmar Times" гезитинин кабарына караганда Аракан жана Чин аймактарында таасирдүү болгон борошодо араларында өкмөт имараттары, мектептер жана саламаттык сактоо борборлору да болгон 1200 имараn колдонулбай турган абалга келди. Борошонун Мьянмарда жан жоготууга жол ачып же ачпагандыгы азырынча белгисиз.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.