Дүйнөдө 700 миллион бала бактылуу балалыкты көрбөйт

Save the Children тарабынан 1-июнь Эл аралык Дүйнөлүк балдар күнүндө жарыяланган отчет үрөйдү учурду.

744107
Дүйнөдө 700 миллион бала бактылуу балалыкты көрбөйт

Дүйнөдө ар бир төрт баладан биринин балалыгы уурдалууда.

 Save the Children тарабынан 1-июнь Эл аралык Дүйнөлүк балдар күнүндө жарыяланган отчетто, дүйнөдө 700 миллион бала балалыгын жашай албай жатат.

Күч колдонуу жана согуштун себебинен көч, жашы жете электе үйлөнүү жана кош бойлуулук, бала жумушчу, жаман саламаттык сактоо шарттары жана окууга бара албоо балалыккка таасир тийгизген башкы маселелер.

Save the Children 172 өлкөдө жүргүзгөн изилдөөдө 5 жаштын астындагы өлүм, жетишсиз тамактануу, жашы жете электе баш кошуу, билим берүү, бала жумушчулугу, жаш кезде кош бойлуулук, согуштардын себебинен сүргүн жана өлүм менен жыйынтыкталуучу ашкере зомбулук сыяктуу 8 элемент каралды.

Изилдөө балалыктын эң көп Батыш жана Борбордук Африкада коркунуч астында болгонун ортого салды.

Өлкөлөрдүн арасында акыркы орунду Нигер алса, бул өлкөдөн кийин төмөндөн жогоруга карай Ангола, Мали, Борбордук Африка Республикасы жана Сомали турат.

Балдар эң аз коркунуч астында болгон эки өлкө Норвегия жана Словения болду.

Бул өлкөлөрдөн кийин Финляндия, Нидерландия жана Швеция турат.

Түркия болсо 59-орунду алды.

Отчетко караганда дүйнөдө орто эсеп менен 16 миң бала 5 жашка чыга электе чарчап калат. Өлүмдөрдүн себеби болсо көпчүлүк убакта алдын алууга мүмкүн болгон же дарыланса боло турган оорулар...

Ар бир 2 секундда бир кыз бала, бир эркек бала жарык дүйнөгө келүүдө. Кош бойлуулук жана төрөп жатканда көрүнүүчү кыйынчылыктар, дүйнө жүзүндө 15-19 жаш аралыгындагы жаш аялдарда эң көп кездешкен өлүмдөрдүн экинчи себеби болду.

Дүйнө жүзүндө күнүгө 200 бала өлтүрүлүүдө. Ашыкча зомбулук курбуларында депрессия жаратып сезимин бузат,, көбүнчө окууга баруудан баш тартышат.

Жыл сайын орто эсеп менен 15 миллион кыз бала 18 жашка толо электе турмушка чыгат; булардан 4 миллиону 15 жаштын астында. Бала чакта турмушка чыгуу эң көп көрүнгөн аймактар Сахаранын астындагы Африка өлкөлөрү жана Түштүк Азияда.

5 жаштын астындагы 156 миллион бала жетишсиз тамактануунун себебинен өсүү кыйынчылыгына туш болууда.

Дүйнөдө 168 миллион бала иштегенге аргасыз. Бул сан Европа өлкөлөрүндө жашаган балдардын жалпы санынан ашык. Иштеген балдардын жарымы коооптуу иш шарттарында иштешет.

Дүйнөдө 263 миллион бала окубайт. Кыз балдар бул темада эркектерден дагы көп таасир алууда.

Отчетто балалык «барынан мурда оюн ойнолгон жана үйрөнүлгөн, бир баланын кишилиги толугу менен өзүн калыптандырган» мезгил катары аныкталууда. Ар бир баланын "толук мээрим, багылуу жана корголууга" укуктуу болгону айтылган. 

Балдардын арасында эң көп жараланган жана эң көп четке кагылган балдар; кыз балдар, качкын балдары, жакыр жана майып балдар болгону белгиленген.

 



Тектеш кабарлар