АКШнын террордук уюмга жардамдары уланып жатат

Курал-жарак жана ок-дарыларды ташыган 70 фура жолго чыкты

744773
АКШнын террордук уюмга жардамдары уланып жатат

АКШ террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүп жатканын себеп көрсөтүп, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДге аскердик жардамдарын улантууда.

Аскердик курал-жарак жана ок-дарыларды ташыган 70 фура кечээ кечинде АКШнын Хасекедеги Румейлан аба базасынан жолго чыкты.

Ракканын түндүк аймагына багыт алган фуралардын, күйүүчү май танкерлери, 4WD унаалары менен катар биринчи жолу каравандарды да ташып баратканы көрүндү.

Муну менен бирге Ракканын түндүгүндөгү террористтерге 3 жумада жалпы 218 фура жөнөтүлгөн болду.

АКШнын Коргоо министрлиги жуманын башында биринчи жолу жикчил террордук уюм ПЙД/ПККга жеңил куралдарды жөнөткөнүн айтып жана террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүүнүн алкагында уюмга колдоо көрсөтүүнүн уланаарын билдирген.

Ушул эле күнү президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Улуттук коопсуздук кеңеши жарыялаган жыйынтык декларациясында «бул колдоонун шериктештикке туура келбегенин» баса белгилеген болчу.  



Тектеш кабарлар