АКШдан Түндүк Кореяга кошумча санкция жасоо чечими
АКШнын казына министрлиги 10 мекеме жана 4 киши тууралуу санкция жасоо чечимин чыгарды.
АКШнын казына министрлиги Түндүк Кореянын атомдук куралдарына жардам берди деген негиз менен 10 мекеме жана 4 киши тууралуу санкция жасоо чечимин чыгарды.
Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта санкция чечиминин Түндүк Кореянын массалык кыруучу куралдарды чыгарууга карата иштери жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин бузуусу менен чыгарылгандыгы билдирилди.
АКШнын кара тизмесине кошулган 4 кишинин арасында орус жараны Игорь Александрович Мичурин жана Конго республикасынын жараны Франсуа Оленгдин болушу көңүлдөрдү бурууда. Су - Кванг Ким жана Сонг - хйок Ри аттуу башка эки кишинин Түндүк Корея жараны экендиги белгиленди. Бул кишилердин Пхеньян режимине таандык чалгындоо бөлүктөрү үчүн иштегендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
Канадада мечитте бычактуу кол салуу болду
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде 24 жаштагы шектүүнүн кармалганын билдирди.