АКШ Париж климаттык келишиминен баш тартты

Глобалдык ысынуу менен күрөшүүнү максат кылган Париж климаттык келишимине чоң сокку...

744614
АКШ Париж климаттык келишиминен баш тартты

 

АКШ Париж климаттык келишиминен баш тартты. Ак үйдө маалымат берген президент Дональ Трамп климаттык келишимдин өлкөсүнүн пайдасына эмес экендигин, экономикага керексиз жүк болгондугун жактады. Трамп келишимдин климаттык алмашуу менен күрөшүүнү эмес, катышуучу өлкөлөргө, Америка экономикасына каршы экономикалык мүмкүнчүлүктү алып келүүнү максат кылгандыгын ортого салды. «Өлкөмү жана жарандарымы коргоо үчүн келишимден чегиндик»,- деген Трамп дагы адилеттүү келишимдин түзүлүшү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантышарын билдирди.

2015 – жылы Парижде өткөрүлгөн    БУУнун 21 - климаттык алмашуу тараптарларынын конференциясында бекитилген келишимге 2016 -  жылы апрель айында Нью – Йорктогу БУУнун борборунда АКШ, Кытай жана Түркия да араларында болгон 190дөн ашуун өлкө тарабынан кол коюлган болчу. Келишимде климаттык алмашуунун тескери таасирине карата өлкөлөрдүн даяр болушу, уулуу газды азайткан экологиялык жана улантууга боло турган экономикалардын колдоого алынышы сыяктуу беренелер алдыга чыгууда. Келишим көмүр кычкыл газынын атмосферага чыгарууну чектөө жана таза энергия  үчүн жакыр өлкөлөргө жардам берүүнү күтүүдө. АКШ болсо Кытайдан кийин атмосферага эң көп көмүр кычкыл газын чыгарган өлкө.

 



Тектеш кабарлар