Орусия ДЕАШ буталарын бомбалады

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Путинге операция туурасында маалымат берди

742895
Орусия ДЕАШ буталарын бомбалады

Орусия Жер ортолук деңизден Сириянын Пальмира аймагындагы ДЕАШ буталарын бомбалады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Жер ортолук деңиздеги орус флотуна таандык «Адмирал Эссен» фрегаты жана деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү «Краснодар» кемеси, Калибр ракеталары менен Пальмира аймагындагы ДЕАШ буталарын атты.

Билдирүүдө бул боюнча Түркия, АКШ жана Изарилдин армия командирлерине байланыш каналдары туурасында дароо маалымат берилгени белгиленди.

Билдирүүгө караганда Пальмиранын чыгышындагы буталардын арасында Раккадан жөнөтүлгөн көп сандаган террорист менен оор куралдар бар эле.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун президент Путинге Пальмирадагы ийгиликтүү операция туурасында маалымат бергенин айтты.

Песков айрыкча операциянын кечээ кечки убактарда жүргүзүлгөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар