Ооганстанда катуу жардыруу болду
Кол салуу Германия, АКШ, Франция Англия, Иран жана Индия элчиликтерине жакын жерде болду
Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы бомбалуу кол салуудан 80 киши каза болуп, 350 киши жаракат алды. Террордук уюм ДЕАШ жоопкерчилигин өзүнө алган кол салуудан каза тапкандардын арасында балдар жана аялдар да бар.
Кол салуу Германия, АКШ, Франция Англия, Иран жана Индия элчиликтерине жакын жерде болду.
Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль кол салуунун түздөн-түз Германиянын элчилигин бутага алганын билдирди.
Окуяда көз жумгандардын биринин Германиянын элчилигинде иштеген ооган сакчы экени белгиленди.
Вазир Акбар Хан аймагында болгон бомбалуу кол салууда, элчиликтер менен катар айланадагы имараттардын терезелери сынды.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.