Кабулда бомбалуу кол салуу

Кол салуу Германия, АКШ жана Индия элчиликтерине жакын жерде болду

742602
Кабулда бомбалуу кол салуу

Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы бомбалуу кол салуудан 54 киши каза болуп, 300 киши жаракат алды.

Кол салуу Германия, АКШ жана Индия элчиликтерине жакын жерде болду.

Вазир Акбар Хан аймагында болгон бомбалуу кол салууда айланадагы имараттардын терезелери сынды.

Аймакка барган жолдор транспортко жабылды.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким ала элек.


Этикеткалар: #Кабулдагы , #бомбалуу

Тектеш кабарлар