АКШ ДЕАШты Раккадан тазалоосун жакында баштайт

АКШ, террор уюму ДЕАШка карай күрөшүүсүн террор уюму ПКК менен улантуу боюнча чечкиндүү көрүнүүдө.

742674
АКШ ДЕАШты Раккадан тазалоосун жакында баштайт

Вашингтон бийлиги, террор уюму ДЕАШка карай күрөшүүсүн террор уюму ПКК менен улантуу боюнча чечкиндүү көрүнүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги (Пентагон), жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга майда курал, ок-дары жана унаа жеткиргендерин жарыялады.

Пентагондун катчыларынан, майор Эйдриан Ранкин Галлоуэй: «Сирия демократиялык күчтөрүнүн күрт элементтерине майда курал, ок-дары жана унаа жеткиргендигибизди тастыктаймын»,-деди.

Майор Галлоуэй, куралдардын түрлөрү, ок-дары жана унаалардын саны тууралуу маалыматтарды бөлүшкүсү келген жок.

АКШнын президенти Дональд Трамп ушул айдын башында Пентагонго Ракка операциясынын алкагында ПЙД/ПККга курал жана шайман берилиши боюнча буйрук берген.

Пентагондун мындан мурдагы жарыясында аты аталган курал жана шайманды, майда куралдар, зооттолгон жана бомба жүктөлгөн унааларга туруштук бере турган курал системалары, зооттолгон унаалар, байланыш жана тылдык колдоо материалдары  катары аныктаган.

Бул учурда АКШнын ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү Брет Макгерк, Ракка операциясынын жакында баштала турганын айтты.

Раккага 2 км жакындагандарын белгилеген Макгерк, ДЕАШтын 4 чарчы километрдик аянтка камалганын айтты.



Тектеш кабарлар