Африка нефть жана энергетика конференциясы

«Африка нефть жана энергетика конференциясы 2017» 5 -  июнда Түштүк Африка Республикасынын борбор шаары Кейптаунда башталат.

742497
Африка нефть жана энергетика конференциясы

Африканын энергетика министрлери глобалдык жана аймактык нефть фирмаларынын жогорку мартабалуу башкаруучулары жана энергетика адистери жакындан иликтей турган «Африка нефть жана энергетика конференциясы 2017» 5 -  июнда Түштүк Африка Республикасынын борбор шаары Кейптаунда башталат.

Кейптаун эл аралык конгресс борборунда өткөрүлө турган жана үч күнгө созула турган конференцияга алтымыш үч докладчы  жана беш жүз сектор өкүлү катышат.

Энергетика базарларында төмөнкү баадагы нефть баалары үстөмдүк кылган Африка өлкөлөрүндөгү инвестиция мүмкүнчүлүктөрү карала турган конференцияда инвестициялардын укуктук жана финансылык процесстери карала турган түрдүү отурумдар өткөрүлөт.

Энергия  индустриясындагы чоң фирмалардын ортосунда кызматташтыкка пайдубал түптөй турган конференция укуктук жана финансылык тармактарын да камтыган аймактын сөз ээси фирмаларын жолугуштурат.

Конференциядагы докладчылардын арасында менчик сектор башкаруучулары менен ошол эле аймактагы өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана энергетика министрлери да бар.



Тектеш кабарлар