Ирактын борбор шаары Багдат Рамазан айында да канга буланды.

Кол салууда 15 киши каза тапты.

741898
Ирактын борбор шаары Багдат Рамазан айында да канга буланды.

 

Багдаттагы бомбалуу кол салууда 15 киши каза болду. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Багдаттын борбордук Каррада аймагында жол жээгине жайгаштырылган бомба жайгаштырылган унаанын жардырылышы менен 50 киши да жараланды. Коопсуздук чамбарына алынган аймакка жиберилген тез жардамдар менен каза болгон жана жараланган кишилер жакын жерлердеги ооруканаларга жиберилди. 

Жетекчилер каза болгондордун санында артуу болушу мүмүкн экендигин белгилешүүдө. Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды. ДЕАШ террордук уюм өткөн жылы да Рамазан айында  ушуга окшогон кол салып, жүздөгөн киши каза болгон болчу. 

 

 



Тектеш кабарлар